• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 318 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 318 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери 5-1-март аралыгында каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 318 автоунааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 66, Арменияныкы - 6, Азербайжандыкы - 9, транзиттик номурла 222, 15 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган унаалардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 10 чет өлкөлүк автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий