• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте биринчи кыргыз-казак жаштар форуму старт алды

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Бишкекте “Жаштар – натыйжалуу кызматташтыктын жолдору” аттуу кыргыз-казак жаштар форуму өтүүдө.

Форумда коомдук ишмерлер, жаш адистер жана КР жана Казак Республикасынын жаштар жана студенттик уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстан жана Казахстандын жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, эки тараптуу долбоорлорду жана программаларды түзүү, эки өлкө жаштары ортосундагы диалогду өнүктүрүү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Мирлан Парханов билдиргендей, форумдун эң негизги багыты жаштар арасындагы жана жаштар саясатын алып барган маморгандарынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү.

“Форумда ар кандай маселелер талкууланды, алардын ичинен: ишмердүүлүк жана ыктыярчылык. Ошондой эле тараптар региондордогу жаштар уюмдары менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп кетет. Бүгүнкү форум – жаштар аралык чоң кызматташтыктын башталышы. Форумду катышуучулары жөн гана жаш балдар эмес, артында чоң командасы бар балдар. Бул иш-чаранын жыйынтыгы катары эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы деңгээли болот”, - деди ал.

"Астана” дипломаттык клубдун президенти Кайырболат Сахметов белгилегендей, аталган форум эки өлкөнүн 100дөн ашык бейөкмөт уюмдарынын башын бириктирет.

“Форум Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ар кайсыл тармактагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, алсак, дипломатия, гуманитардык тармактарда. Ушундай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт деп ишенебиз. Бул форум биринчи жолу өткөрүлүп жатат, бирок биздин бул иш-чараны салтка айлантуу ниетибиз бар", - деп кошумчалады Сахметов.

Форумдун жыйынтыгында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий