• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Разаков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардын новеллаларынын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо Өкмөттүн ишмердигинин артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр баса белгилегендей, ЕККУ көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү катары эсептелет.

Өз кезегинде Пьер фон Аркс ЕККУ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымдап, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында коюлган максаттарга жетүү үчүн Кыргызстанга мындан аркы жардам көрсөтүү маселесин изилдөөгө даярдык билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргызстандын калкы сот тутумунда жана укук коргоо органдарында чыныгы өзгөрүүлөрдү күтүүдө, бул үчүн олуттуу иш жана эл аралык уюмдар тарабынан колдоо талап кылынат.

Буга байланыштуу тараптар жазык мыйзамдарынын новеллаларын имплементациялоо тармагында өз ара аракеттешүүнүн келечегин, анын ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана Бузуулардын бирдиктүү реестрин түзүүнү, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары тараптар жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында биргелешкен күч-аракеттерди консолидациялоого багытталган келечектүү кадамдарды эксперттик деңгээлде талкуулоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий