• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте үч күн мурда жоголгон 12 жаштагы Арууке изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Бишкекте үч күн мурда жоголгон 12 жаштагы Арууке Өмүрова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургуну О.К. арызы менен кайрылып, 2010-жылы туулган кызы Арууке Өмүрованы издешүүгө жардам сураган. Ал 10-июлда саат 20:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.

Аталган факт Свердлов райондук милициясына каттоого алынып, учурда издөө иштери жүрүүдө.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө.

Кийими: көк көйнөк, кара кроссовка.

"Эгер сиз Аруукенин жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган маалыматты билсеңиз төмөнкү номерлерге билдирип коюуңузду суранабыз: 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-8888 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий