• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте дүйнөдөгү биринчи жана жалгыз “Ы тамгасы” арт-объекти пайда болду

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленип жатат.

Майрамдын урматына “Ынтымак” сейил багында “Ы тамгасы” арт-объектисинин ачылышы болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев, “Россиялык гезиттин” Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков катышты.

Арт-объект QR - код менен жабдылып, "Ынтымак" паркына келген коноктор Кыргызстан жөнүндө негизги маалыматтарды: географиялык маалыматты, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхын, орусча-кыргызча сөздүктү ала алышат. Маалымат эки тилде: мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдеринде жарыяланат.

Маалымат үчүн: белгилүү советтик лингвист К.Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө "Ы" тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.

Бишкекте "Ы тамгасы" арт-объектисин орнотуу идеясы "Россиялык гезитке" таандык, анын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 2002-жылдын май айынан бери иштеп келет. Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду колдоду. Монумент Екатеринбург шаарында "Дубровин" куюу үйүндө даярдалган. Арт-объекттин скульптору республикадагы белгилүү сүрөтчү Адил Сейталиев.

Пикир

Оставить комментарий