• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонддун колл-борборуна жыл башынан тарта дээрлик 4 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна жыл башынан тарта дээрлик 4 миң кайрылуу түшкөн.

Фонддон билдиришкендей, колл-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номери аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

2023-жылдын апрель айында колл-борборго 895 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 505 келген жана чыккан чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн-офлайн чат аркылуу 390 чалуу түшкөн.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий