• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

U-18: Түркияда жаштар курамасынын окуу-машыгуу жыйыны өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. 2005-жылдан улуу эмес оюнчулардан куралган Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түркиянын Анталия шаарында пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынынын экинчи этабын өткөрүүдө.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйынынын алкагында оюнчулардын үч контролдук беттеши пландалган.

Күн мурун, 23-майда U-18 “Антальяспор” ФК менен биринчи жолдоштук беттеш болуп, оюн 4:0 эсебинде биздин кураманын пайдасына аяктады.

Пикир

Оставить комментарий