• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Активисттер соттуулугу бар депутаттардын Жогорку Кеңештен кетүүсүн талап кылышат 

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын активисттери Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугуп, кылмыш иштерге тиешеси бар депутаттардын тизмесин берүүнү пландоодо. Бул тууралуу алар бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында кабарлашты.

“Коррупциясыз кыргыз коому” коомдук бирикмесинин төрагасы Топчубек Тургуналиев билдиргендей, парламеттин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушуу мурунку жумада макулдашылгандыгын айтты.

“Жолугушуу жакынкы күндөрү өтөт. Ошол жолугушууда биз төрагага кылмышка тиешеси бар депутаттардын тизмесин беребиз. Бул тизмедегилер соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин өз ыктыяры менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан баш тартышы керек. Эгер алар муну аткарбаса, биз прокуратурага кайрылып расмий талаптарды коебуз. Ушундай талаптар бийликтин башка бутактарынын өкүлдөрүнө да коюлат”, - дейт Тургуналиев.

Ал кошумчалагандай, алардын бирикмесинде коррупцияга түз жана кыйыр байланышы бар 24 депутат тууралуу маалымат бар. Бирок алардын атын атоого али эрте экендигин, адегенде алардын шегин тастыктоочу документтерди колго алуу керек экендигин айтты.

“Эмне себептен ондогон депутаттар аларга сот иши козголсо да Жогорку Кеңеште отурушат? Биз кайсы депутатка кайсы берене боюнча иш козголгондугу тууралуу расмий кат жазып жөнөтөлү деп жатабыз. Биз аны башкы прокурорго да, УКМКнын төрагасына да көрсөтөбүз. Биз жалдырап суранбайбыз, биз тийиштүү мыйзам чегинде чараларды көрүүнү талап кылабыз”, - дейт бирикменин башчысы.

Активисттер алдыдагы пландары тууралуу айтып жатып, өздөрүнүн катарына чечкиндүү, эрктүү, эр жүрөк жана таза жарандарды Кыргызстандагы коррупция менен биргеликте күрөшүү үчүн кошууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий