• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев: “Нурсултан Назарбаев мени кечирбесин билгем”

Коом 0

Бишкек, 22.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Нурсултан Назарбаев мени эч качан кечирбей турганын билгем”,-деп билдирди бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев.

“Чындыгында мен абдан эмоционалдуу сүйлөйм бирок, ойлонуп туруп. Эгерде мен бир нерсе кылып жатсам, анда, мен өзүмө күчтүү душмандарды топтоп жаткандыгымды жакшы түшүнчүмүн”,-деп билдирди мамлекет башчы.

Анын айтымы боюнча, мисалга Америка аскер базасын чыгарып жатканымда эч ким ишенген эмес, керек болсо америкалыктар дагы.

“Балким алар чындыгында бизге көмөк көрсөтүшчү, көрсөтө да беришмек, бирок, биз коңшуларыбызды абдан капалантып жаткан болчубуз. Россия жана Кытайга окшогон улуу державаларды. Алыскы туугандан жакынкы коңшу жакшы деген макал бар. Биринчи кезекте коңшулар менен достошуш керек. Кээде тескерисинче мага мамилени бузганга туура келчү. Каримов мени эч качан кечирбей тургандыгын түшүнгөндө мени кубанды деп ойлобогула, Назарбаев да мени эч качан кечирбей тургандыгын билбейт дебегиле. Түнү уктабай БУУнын Башкы Ассамблеясына сүйлөй турган сөз даярдадым. Биз көз карандысыз өлкөбүз, эгер мен ал жерде жана сыйлоо аземинде унчукпай отуруп алсам, Кыргызстанды тизмеде алтынчы болгон "шестерка" башкарып калмак”,-деди Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий