• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айдай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айдай табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айдай учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында.

Милиция кызматы бардык жагдайларды иликтөөдө.

Эскерте кетсек, күн мурун, 10-февралда 16 жаштагы Айдай Түштүк магистралдагы "Глобус" гипермаркети жактагы үйдөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Дайынсыз жоголгон кыз психикалык жактан жабыркаганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий