• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон карыя изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон карыя изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына А.А. аттуу жаран 70 жаштагы атасы Акпаралы Акматалиевди издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Акматалиев 30-октябрда болжол менен саат 10:35те Чүй менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-174 см, толугураак, чачы кыска жана ак баскан, көздөрү күрөң.

Кийими: кара түстөгү пальто, кышкы баш кийим, бут кийим жана шым кийген.

Өзгөчө белгилери: аксап басат, боз-күрөң темир таягы бар, начар көрөт жана эс тутуму начар.

"Акпаралы Акматалиевди көргөндөр болсо же аны табууга жардам бере турган маалыматы бар жарандарды (0312) 352-605, (0312) 352-947, (0555) 102-880, (0703) 401-600 номерлерине жана "102" кызматына кайрылууңуздарды суранабыз", - деп билдирет райондук милиция.

Пикир

Оставить комментарий