• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эртеңден тарта №46 автобус каттамы жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бишкекте эртең, 27-январдан тарта №46 автобус каттамы жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана "Эко жүргүнчүлөрдү жеткирүү" ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, каттам өз чыгымдарын жаба албай калган.

Пикир

Оставить комментарий