• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте француз-немец маданият институту түзүлөт

Саясат 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы ытайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсенди жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ф. Дэлаус Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРдагы дипломатиялык миссиялардын башчылары француз-немец маданият институтунун максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө кыргыз тарапты маалымдашты. Бул институтта баштапкы этапта тил курстарын (немец жана француз тилдери) ачуу пландаштырылып жаткандыгы, андан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлүп, дүйнөдө төртүнчүсү болорун белгилешип, бул германиялык жана франциялык тараптарынын Кыргызстан менен маданий-гуманитардык чөйрөдө ийгиликтүү кызматташкандыгын тастыктайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Германия жана Франция менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Министр Руслан Казакбаев бул демилге биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий