• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук мелдеши өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Президент Садыр Жапаров баштаган КР Президентинин администрациясынын командасы футбол боюнча «Мурас» достук мелдешине катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.

Мамлекет башчысы мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн, андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.

«Спорт — ден соолуктун булагы, тынчтыктын элчиси. Бүгүн мелдешке башка мамлекеттердин элчилери катышууда.

Бул биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан кабар берет», — деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров күчтүүлөрдүн жеңишин каалап, мелдештин катышуучуларын жеңишке болгон күч-аракетин жумшоого чакырды.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышууда: Президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин аппараты, ата мекендик футболдун ардагерлери, дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери, мугалимдер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорт федерацияларынын, бизнес коомчулугу жана маданият ишмерлеринин өкүлдөрү.

Пикир

Оставить комментарий