• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте билим берүү мекемелериндеги көмүр отканалары газга өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында көмүр отканаларын газ отканаларына өткөрүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Аталган ишканага таандык шаардык билим берүү мекемелеринде көмүр отканаларын газга өткөрүү боюнча капиталдык курулуш кызуу жүрүп жатат:

- № 49 жана № 54чү мектептерде капиталдык курулуш иштери жүрүп жатат;
- № 7, 59, 15, 32, 35, 74 мектептерде жана №12 бала бакчада «сендвич-панель» ыкмасы менен жаңы имараттын каркасты орнотуу иштери аяктоодо;
- № 82, 96чы мектептерде капиталдык курулуш жана от казан жабдууларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө;
- № 41, 98 мектептерде курулуш иштери бүткөрүлдү.

Учурда 4 көмүр отканасы жаратылыш газына өтүүгө даяр: Алар № 23 мектеп, Тойгонбаев отканасы, "Байыр" отканасы жана №187 бала бакча.

Курулуш иштери жана от казан жабдууларын монтаждоо иштери аяктап, жаратылыш газына кошулуу күтүлүүдө.

№ 86, -99 -мектептеринин отканаларынын аймагында газ түтүк тармагы жок болгондугуна байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкармалыгына электр жылытуу системасына кошуу маселесин кароо боюнча кат жөнөтүлгөн. № 86,-94- 99-мектептердин отканасына жылуулук насосторун алып келүү жана орнотуу боюнча иш аткаруулуда. Эскерте кетсек, аткарылып жаткан иш окуу жылынын башына чейин толук аяктап бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий