• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Дем алышта Бишкек – Ысык-Көл унаа жолуна кошумча посттор коюлат

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл багыты боюнча унаа жолуна кошумча посттор коюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

ЖКККББдан билдиришкендей, дем алыш күндөрү Бишкек - Чолпон-Ата багыты боюнча авто унаалардын агымы көп болгондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башкармалыктын борбордук аппаратынан тартып, Ысык-Көл жана Чүй облусунун кызматкерлери күчөтүлөн тартипте кызмат өтөшөт.

"Айрыкча, Ысык-көлгө жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук жана жеке унаалар текшерилип, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна, ылдамдыкты ашырып айдоосуна жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелеринин бузууларына жол бербөө максатында кошумча посттор коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ал эми кечкисин Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына кайтып келе жаткан унаалардын жол тыгындарына кабылып калбашы үчүн, кызматкерлер көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салышат.

Пикир

Оставить комментарий