• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи май райондук акимчилигинде балдарга байланыштуу 17 иш каралды

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Биринчи май райондук акимчилигинде билим берүү борборунун, дарыгерлердин психологдордун жана социалдык кызматкерлердин, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын катышуусунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги пландык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комиссиянын мүчөлөрү жашы жете элек балдарга таандык мүлктүн үлүшүн сатууга уруксат берүү, социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүү пландары жана баланы коргоо боюнча жеке пландарды бекитүү, үй-бүлөлүк зомбулук, балдар арасындагы укук бузуулар, жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу боюнча 17 материалды карашты.

Психологиялык жардамга муктаж жашы жете элек өспүрүмдөр Саламаттык сактоо министрлигинин Балдарга жардам көрсөтүү борборунун жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистерине консультация алуу үчүн жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, КР өкмөтү бекиткен жобого ылайык, балдар иштери боюнча комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондордун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.

Пикир

Оставить комментарий