• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кримавторитет Акматбаевдин жанында жүргөн адам тапанча менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери куралды мыйзамсыз сактоо жана алып жүрүү фактысын аныкташты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 16-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкекте 1975-жылкы О.Д. аттуу жаранды кармашкан. Андан “Гранд Пауэр” үлгүсүндөгү тапанча жана маки табылган.

Аталган факт боюнча 241-беренеге (мыйзамсыз түрдө ок чыгаруучу куралды, ок-дарыларды сактоо, алып жүрүү, ташуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына караганда, кармалган жаран буга чейин ИИМдин оперативдүү каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган. Ал Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн адам болгон. Ысык-Көл облусунда төрөлүп, кийинчирээк Россиянын жарандыгын алган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкекке жакын жерде киллер тарабынан өлтүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий