• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Кривоносов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкектин Кривоносов көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалардын өтүүсү үчүн жарым-жартылай ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, участоктун узундугу 930 метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзөт.

"Реконструкциялоонун алкагында тротуарды жана эки катмарлуу асфальт-бетонду толук алмаштыруу каралууда. Тойгонбаев көчөсүнөн батыш тарабынан Алыбаев көчөсүнө чейин ирригациялык тармак курулуп, Лев Толстой көчөсүнө чейин эки тарабына сугат тармагы орнотулат. Ошондой эле эки тарапка туурасы 1,5 метр тротуар төшөлөт", - деп кошумчалашты мэриядан.

Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган көчөнү реконструкциялоо иштери өткөн жылдын июнь айында башталган. Анда көчөнүн бардык узундугуна асфальт-бетон төшөлмөнүн алдыңкы катмары төшөлгөн, Толстой көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин үстүнкү катмары да төшөлүп, тротуар жана ирригациялык тармактар бүткөрүлдү. Ноябрь айындагы сууктан улам иш токтоп калган.

Белгилүү болгондой, май айында иш кайра жанданды, азыр асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары төшөлүп, ирригациялык тармак жана Тойгонбаев көчөсүнөн Амосовго чейин жөө адамдар өтүүчү тротуар бүткөрүлдү. Амосов көчөсүнөн Захарьев көчөсүнө чейинки тротуарга асфальт төшөө, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу жүргүзүлүүдө.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытайдын грантынын эсебинен ишке ашырылып жаткан “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий