• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын күнөскана тармагынын форуму башталды

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын күнөскана тармагынын форуму башталды. Бул биздин өлкөдө эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан биринчи форум болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чаранын максаты – КРнын күнөскана тармагында инновациялардын кайра жаралышы. Акыркы бир нече жыл бою бул тармактагы динамика өтө позитивдүү эмес болуп жатканы байкалат.

Ал ошондой эле Кыргызстандын күнөскана тармагы республиканы азык-түлүк менен камсыздагандыктан, экономикадагы маанилүү тармактардын бири экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө бардык процесстер: өстүрүү, сактоо, кайра иштетүү, шаймандарды модернизациялоо, башкаруу жана иш тажрыйбасы оптималдаштырууга жана жаңы технологияларды колдонууга муктаж.

“Бул жерде илимий ыкма маанилүү. Аталган форум мамлекеттик органдар жана агробизнестин ортосунда диалог ачат. Биз өзүнүн тармагынан көп зыян тарткан күнөсканачыларды билебиз. Ага да себептер бар, биз бүгүн ушуларды деталдуу түрдө талкуулап, аны чечүү жолдорун издейбиз. Так ушул нерсе үчүн Кыргызстандагы күнөсканалардын ассоциациясы түзүлгөн. Анын алкагында биз 3 артыкчылыктуу милдеттерди койгонбуз: биздин дыйкандардын операциялык чыгашаларын төмөндөтүү. Жаңы технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүктү көбөйтүү жана маркетинг аркылуу", - деп билдирди Токтогазиев.

Форум менен биргеликте көргөзмө өтүп, ал жакта атамекендик жана чет өлкөлүк айыл чарба технологиялары көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий