• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкекшаардыклифт” ишканасына лифтте калып калган жарандардан 45 арыз келип түшкөн.

“Камалып калган жарандар ыкчам түрдө куткарылды. Медициналык жардам керектелген жок. “Бишкекшаардыклифт” ишканасынын карамагында бардык лифт болбогондуктан канча адам камалып калганы тууралуу так маалымат жок”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

Пикир

Оставить комментарий