• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери Бишкектеги жол кыймылынын коопсуздугун толук көзөмөлдөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу Бишкек шаарынын жолдорунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын бардык өздүк курамы жолдордогу жол кыймылын жөнгө салууда. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

"Урматтуу жарандар! Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууну суранат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

Пикир

Оставить комментарий