• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милиционерлер кайгуул жана кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча окууну аякташты

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. ИИМдин Республикалык окуу борборунда 14-апрелде кайгуул милициясы багытындагы экинчи окуу взводунун жана кайгуул-күзөт кызматы багытынын биринчи окуу взводунун 42 талапкеринин окууну аяктоо салтанаты өткөрүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында “Жусуп Абдрахманов - Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери” аттуу тегерек столго катышкан кызматкерге, талапкерлерге ыраазычылык каттар жана ИИМдин Борбордук аппаратында 2022-жылдын 12-13-апрелинде Самбо күрөшү боюнча биринчилигинде ийгиликке жетишкен кызматкерлерге кубок, дипломдор тапшырылды.

Окуу борбордун начальнигинин буйругу менен окуу мөөнөтү ичинде ийгиликке жетишкен бир топ талапкерлерге “Алкыш” жарыяланып, сыйлыктары тапшырылды.

Иш-чаранын аягында Республикалык окуу борборун аяктап жаткан кайгуул милиция багытындагы 2-окуу взводунун жана кайгуул-күзөт кызматы багытынын 1-окуу взводунун талапкерлерине окуу жайды аяктагандыгын тастыктаган күбөлүктөр тапшырылып, андан соң салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий