• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция үй-жайсыз жүргөн 21 адамды “Коломто” баш калкалоо жайына жеткирди

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери туруктуу жашаган жайы жок адамдарга жардам көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам акыркы эки күндө шаар тургундарынан түнкүсүн көчөдө үшүп калып калган туруктуу жашаган жери жок жарандарга карата чалуулар келип түшкөн.

"Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматкерлери атайын туруктуу жашаган жери жок жүргөн жарандарды аныктап, жардам көрсөтүү максатында аларды убактылуу жашаган жерлеринен, кабат үйлөрдүн астынан, жылуу суу өтүүчү жердин астындагы суу түтүктөрүнөн, көпүрөлөрдүн астынан таап, жалпысынан эки күндүн ичинде 21 адамды "Коломто" муниципалдык жайына жеткиришкен", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий