• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиция "Тойота Ист" унаасын айдап качкан адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бишкекте милиция “Тойота Ист” унаасын айдап качкан адамды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы А.Ч. аттуу жигит милицияга арыз менен кайрылып, Фатьянов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде “Тойота Ист” автоунаасын айдап качып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган. Окуя 22-январь күнү болжол менен саат 04:30да болгон.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды кармап, Биринчи май районунун ИИБнын Тергөо кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий