• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бишкекте мурда сот жообуна тартылган жарандан баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин көңүл чордонуна мурда соттолгон адам түшүп, ал боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Эркинен ажыратылган жайда жазасын өтөөдөн пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен бошотулган жарандар, анын ичинде соттун чечими менен үй камагына алуу бөгөт чарасы колдонулгандар баңги кылмышына тиешеси бар деген ыкчам маалыматтар болгон.

"Ошентип, ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда түн ичинде азият түспөлүндөгү, болжол менен 25-30 жаштардагы 2 жаранды кармашкан. Кармалган жарандардын бирине өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан өзгөчө жыты бар аз өлчөмдөгү зат табылып, кийин анын гашиш экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран 1993-жылы туулган А.уулу Н. Тергөө органына жеткирилген. Ал мурда бир нече жолу соттолуп, азыркы учурда пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий