• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда аткезчилик жол 700 миң сомдук тамекини алып келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Оперативдүү бажынын кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Ф.Н.А. аттуу кыргызстандыктын башкаруусунда Hyundai Porter автоунаасын токтотушкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Автоунааны кароонун жүрүшүндө Тажикстандын акциздик маркасы менен Parliament Aqua Blue жана акциздик маркасы жок ESSE CHANGE W соода маркасынын фильтрлүү тамекилери – товарлар кармалган. Саны 139 миң 800 даана. Товардын жалпы наркы 699 миң сом.

Аталган факт Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий