• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында баңгизат сатып жүргөн 2 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июнда Ош облустук Криминалдык милиция кызматынын жана Кара-Суу райондук милициясынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-маалыматтын негизинде Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында мыйзамсыз баңги затын сактап жана сатып жүргөн Ош шаарынын тургундары 25 жаштагы А уулу А.нын жанынан салмагы 2 граммды түзгөн кара, күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган жана 26 жаштагы А.Т., аттуу жарандын жерге таштап койгон буюмдарын кароо учурунда салмагы 36 граммды түзгөн кара күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.

Бул факты боюнча КР Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 1-бөлүмү менен каралган жазык иштин курамы бар болгондуктан 2021-жылдын 25-июнь кунү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган факты боюнча ар тараптуу толук, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн жана алынган кара, күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар заттын баңгизат каражаттарынын кайсы түрүнө кире тургандыгын аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Шектүү А.Т. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий