• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы суткада COVID-19га каршы 3406 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 1083ү экинчи доза алгандар

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 3 миң 406 адам коронавируска каршы вакцина алды, анын ичинен 1 миң 83ү экинчи доза алгандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана соцалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 104 миң 616 адам эмдөөдөн өтсө, анын 76 миң 215и экинчи доза сайдыргандар.

Аймактарга бөлүп караганда:

- Бишкекте – 29 миң 326 (бир суткада – 1 миң 189, экинчи доза алгандар – 94);

- Ошто – 8 миң 394 (бир суткада – 399, экини доза алгандар - 181);

- Чүй облусу – 18 миң 667 (бир суткада – 546, экинчи доза алгандар – 96);

- Ош облусу - 12 миң 274 (бр сукада – 392, экинчи доза алгандар - 299);

- Ысык-Көл облусу – 9 миң 646 (бир суткада – 445, экинчи доза алгандар - 73);

- Талас облусу – 4 миң 524 (бир суткада – 56, экинчи доза алгандар - 54);

- Нарын облусу – 4 миң 679 (бир суткада – 55, экинчи доза алгандар - 49);

- Жалал-Абад облусу – 12 миң 435 (бир суткада– 227, экинчи доза алгандар - 185);

- Баткен облусу – 4 миң 671 (бир суткада – 97, экинчи доза алгандар - 62).

Пикир

Оставить комментарий