• 88.68
  • 95
  • 0.95

Руслан Казакбаев Нидерланддардын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нидерланддар Королдугунун КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андре Карстенсти кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев элчи Карстенсти дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө КРнын ТИМи ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Элчи Карстенс Кыргызстан менен Нидерланддардын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасарына ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактарды өнүктүрүү темасына токтолушту. Министр Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосунда айыл чарба жаатында тажрыйба алмашуу демилгесин көтөрдү, анткени азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы агроөнөр жай комплекси жаатында алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча Нидерланддардын практикасына кызыкдар.

Тараптар жашыл энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү курсун белгилешти. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарынын бири курчап турган чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

2021-жылдын күз айларына эки тараптуу саясий консультациялар пландаштырылган жана нидерланд тарабы ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна министр тарабынан чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий