• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Саясат 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.

Пикир

Оставить комментарий