• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУ Чжэнчжоу университетинин Айыл чарба институту менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети Чжэнчжоу университетинин Айыл чарба институту менен келишимге кол койду.

Окуу жайдан билдиришкендей, келишимге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген делегациянын Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду.

Түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУ айыл чарба жаатында аталган институт менен эт багытындагы койлордун, уйлардын сапаттуулугун жогорулатуу долбоорлору боюнча кызматташат. Ошол эле учурда ветеринария жана агрономия багыттары боюнча ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн магистратурада бюджеттик негизде окутуу, ветеринар адистер ортосунда тажрыйба алмашуу да ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий