• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев менен Удовиченко кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21./Кабар/. 2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле жогорку денгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды талкуулашты.

2022-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Министр менен элчи кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий