• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте органикалык азык-түлүктөрдүн масштабдуу көргөзмөсү өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бишкекте «Organic Expo 2021» аттуу масштабдуу көргөзмө өтүп жатат.

Көргөзмө-жармаңкеде Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрүнүн бардык органикалык принциптерге ылайык өстүрүлгөн органикалык айыл чарба продукциялары сунушталат. Ошондой эле көргөзмөгө кийиз, жыгач жана териден жасалган буюмдар, күн батареялары, электромобилдер, электр скутерлер жана нан азыктары коюлган.

Белгилей кетсек, көргөзмө-жармаңке КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти тарабынан Кыргызстандагы «KOICA» корей эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Интерактивдүү көргөзмө 1-3-октябрь аралыгында күн сайын 9:00дөн 17:00гө чейин Киев көчөсү, №96а (Агропром) дарегинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий