• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны башталды

Президент 0

Бишкек. 25.12.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны башталды.

Бул Жээнбековдун президенттик кызматтагы экинчи маалымат жыйыны. Жыйынга бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Пикир

Оставить комментарий