• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сот отурумдары онлайн өткөрүлүп жатат

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Бишкекте сот отурумдары 2020-жылдын 7-июлунан тартып онлайн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку соттук басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар сот системасы тарабынан отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ максатында көрүлүп жатат.

Бир нече күндүн ичинде Бишкек шаарынын соттору Жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отурум ѳткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап, Жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштелип чыккан. Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видеоконференц байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.

Эскерте кетсек, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды жана соттолгондорду сот залдарына алып келүү аракетин COVID-19 короновирус инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө байланыштуу убактылуу токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий