• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте соттун имаратында конвоир өзүн өзү атып алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Ленин райондук сотунда соттолуучуну соттун отурумуна алып кирген конвоир өзүн өзү атып алды. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, учурда окуя болгон жерде ыкчам кызматкерлер иштеп жатышат, окуянын чоо-жайы аныкталууда.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликтүү эмес болууда.

Пикир

Оставить комментарий