• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузган 58 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 58 адам кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 50 эркек, 8 аял кишилер.

"Биринчи май району боюнча - 19 жаран, Октябрь району боюнча - 4 жаран, Ленин району боюнча - 22 жаран жана Свердлов району боюнча - 13 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270 кишиге жетет. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий