• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кумтөрдүн" финансылык директору бир айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун каржы башкармалыгынын директору Рысбек Токтогул СИЗО-1ге камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Р.Т. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечими чыккан.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий