• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

УКМК: Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган делип издөөгө жарыяланды

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашыруу фактысы боюнча "KG Групп" курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 млн сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, И.Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп (ККМ) бийликти басып алууну пландашкан.

И.Ташов өзүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн Т.Кудайберген уулун жана башка бир катар адамдарды туруктуу негизде каржылаган.

Натыйжада УКМК тарабынан И.Ташовго, Т. Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларга карата издөө жарыяланды.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары тарабынан И.Ташовго карата алдамчылык боюнча фактысы 16 кылмыш иштери тергелүүдө. Тактап айтканда, И.Ташов 2023-жылдын 26-октябрында кармалып, КР Юстиция министрлигине караштуу ИИБнын №21 мекемесине жеткирилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагында "KG Групп" тарабынан 6 (алты) көп батирлүү турак-жайлар курулуп, бирок уруксаты жок өз алдынча курулгандыктан бул объекттердин бири да пайдаланууга берилген эмес.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 батирге жана 1 Коммерциялык жайга 52,4 млн.сом суммасында муниципалдык менчикке кайтаруунун натыйжасында 8-жылдын 2023-декабрында И.Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бирок абактан чыккандан кийин ал митингдерди даярдоо жана бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча ишмердүүлүгүн уланткан.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий