• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тротуарлар оңдолуп жатат

Коом 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Бишкекте күндүн жылышы менен тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жанданды. Ишти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыр ишкана төмөнкү төрт көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүүдө: Панфилов, Алма-Ата көчөсүнүн Исакеев көчөсүнөн Кийизбаева көчөсүнө чейинки бөлүгү, Шопоков жана Коенкөзөв көчөлөрүндө.

Манас, Жибек-Жолу проспектилери жана Бөкөнбаев, Абдрахманов көчөлөрү менен чектелген квардраттагы тротуарлар оңдолот.

Мындан тышкары, Москва, Киев, Фрунзе көчөлөрү, Чүй, Жибек-Жолу проспектилери, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Панфилов көчөлөрү, Эркиндик проспектиси, Тоголок Молдо жана Орозбеков көчөлөрүндөгү тротуарлар оңдоодон өтөт. Ушул максатта шаардык бюджеттен 50 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий