• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тышкы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча иштер уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Бишкектеги жаңы конуштарда жана кичирайондордо тышкы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча иштер уланууда.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын комплекстүү пландык-өндүрүштүк программасына ылайык, 2018-жылга карата төмөнкү көчөлөрдө 3 миң 550 жарык диоддук шамчырактарды орнотуу боюнча иштер аяктаган. Дубосековск, Адыр, Набережный, Дзержинский, Сарычелек, Койбагаров, Бакаев (мурунку Чапаев), Некрасов, Псковская/Поваринская, “Ак-Өргө” конушундагы жол, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанская, Славян, Куликовск, Будённый, Салиева, Айтиев, Рабочая, Осмонкул, Лев Толстой, Тыналиев, Школьная, Щербаков, Бельская, Ракетная, Андижан, Усенбаев, Наманган, Т.Фрунзе, Курманалиев, Мичурин, Шопоков, Орозбеков, Семашко, Жумабек, Огонбаев, Лермонтов, Сухэ Батор, Турусбеков, Рыскулов, Фучик, Иманалиев, Васильев, Ленская, Фатьянов, Тыныстанов, Панфилов, Д.Садырбаев (Баха), Курманалиев, Иманалиев, Абдрахманов, Ташкент, Чүй, Жибек Жолу, Жаманбаев, Андижан жана Адыр чолок көчөлөрү, №3, 4, 5, 6, 7, 10, 11, 12 кичирайондору, Көк-Жар, Аламедин 1, Чыгыш-5, Тунгуч.

Ишкана дагы 500 жарык диоддук шамчырактарды орнотуу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий