• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте учурдагы саясий кырдаалды талкуулаган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Бишкекте учурдагы саясий кырдаалды талкуулаган конференция өттү. Ага саясатчы менен коомдук ишмерлер катышты.

"Кабар" агенттигине конференциянын уюштуруучусу жана модератор, коомдук ишмер Жылдызбек Турганов иш-чаранын максаты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болгон кырдаал жана анын аракеттерин талкуулоо экенин айтты.

"Силер көргөндөй, өлкөдө митингдер аркылуу саясий кырдаалды жасалма курчутуу болууда. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан президент маалында кылган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн жасалууда. Жакында Жогорку Кеңеш аны кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алды. Ошол эле учурда Башкы прокуратура аны оор кылмыштарга шектүү деп жатат. Өзүнүн актыгын мыйзамдуу түрдө көрсөтүүнүн ордуна айланасына киши чогултуп каршы турууга барууда. Анын аракеттери жарандардын тынч жашоосун беймаза кылып жатат. Мындан улам биз, Кыргызстандын баардык облустарынан белгилүү кишилерди чогултуп, учурдагы кырдаалды талкууга алып, баа берели дедик. Акыр-аягында, биз болгону мыйзамды жана коомдук тартипти сактоого чакыргыбыз келет. Конференциянын жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго кат жөнөтөбүз", - деди ал.

Ал эми, мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов президент коррупция менен күрөшүп жаткандыгын белгилеп өттү.

"Бизге байкалбашы мүмкүн, бирок, ал талыкпай мамлекет үчүн иштеп жатат – коррупция менен күрөшүүдө. Албетте анын мындай реформалары күмөн иштерге катышкандарга жакпашы ыктымал. Калгандарды мыйзамдуулукка чакырып, туруктуулукту бузбоого чакыргым келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий