• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. 11-17-ноябрь күндөрү Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы болуп өтөт. Жашыл экономика жумалыгы тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев айтып берди.

Анын айтымында, 15-ноябрь күнү мааракелик форум өткөрүлүп, ал аймактарда жашыл экономиканын өнүгүшүнө арналат.

Шаршеев белгилегендей,Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыкты.

"Жумалыктын негизги максаты – жашыл экономиканын принциптерин жайылтууну көздөгөн адамдардын башын бириктирүү жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө алардын колдонулушунун пайдасы менен мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү", - деди ал.

Шаршеевдин билдиргени боюнча, жашыл экономика жумалыгында өлкөнүн аймактарында жашыл экономиканы жайылтуу жана өнүктүрүү жолдорун белгилөө, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулат.

Жумалыктын алкагында өлкө боюнча 37 иш-чара өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий