• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уурдалган унааны сатып жиберген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Бишкекте уурдалган унааны сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын берген маалыматына ылайык, Ленин райондук милиция бөлүмүнө 11-январь күнү 2003-жылы чыгарылган “Хонда фит” унаасы уурдалгандыгы тууралуу шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Унаа короодо токтоп турган жеринен түн ичинде уурдалган.

Ленин райондук милиция бөлүмү сотко чейинки иликтөө иштерин башташкан. Ошол айдын аягында шаар тургунунда 2006-жылы чыгарылган “Хонда Фит” унаасы табылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында унаанын кузовунун номуру техпаспорттун номуруна дал келген эмес. Ал эми кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары каралып жаткан унаанын мыйзамдуу ээси унааны тааныган. Ошентип унаа атайын айып токтотуучу жайга киргизилген.

Сурак алуу маалында унаанын жаңы ээси, унааны 4,5 миң долларга таанышынан сатып алгандыгын айткан. Ал эми унаадагы документтер такыр башка адамга таандык жана мамлекеттик номурлары жасалма экендиги аныкталган.

“Айыптуу деп шектелген адам эки айдан кийин кармалган. Ал буга чейин эки ирет соттолгон 30 жаштагы Р.А. аттуу жаран болгон. Ал таксист болуп эмгектенген адамдын техпаспортун уурдап кетип, кийин ошого окшош унааны караштырып жүргөн. Ошентип 11-январь күнү жабырлануучунун короосунун “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаасын уурдап, кийин аны күрөөканага сатуу максатында өткөргөн”, - деп берилет маалыматта.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий