• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура: Ички аскерлердин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кун мурун, 20-декабрда ИИМдин Ички аскерлер кызматындагы коррупциялык схемага байланышуу кармалган.

Эске сала кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүүсүнүн жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий