• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзүм билемдик менен салынган курулуштар алынууда

Коом 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жер жана курулуш башкармалыгы Тунгуч кичи районунда өзүм билемдик менен, мыйзамсыз курулган обьектилерди алып салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Түрттүрүүгө темирден жасалган тосмолор, павильондорго уланган темир бастырмалар жана эч кандай уруксат кагазы жок гараждар алынды.

Обьектилердин ээлерине мэрия тарабынан алдын ала эскертүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий