• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жарандын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Бишкекте өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган эркектин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал денесинин 80%ынан күйүк алган.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук милициясы бүгүн, 28-февралда саат 15:50лөр чамасында Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылганы тууралуу билдирген. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жана тез жардам кызматы келип, кырсыктын себеби такталып жатканы маалымдалган.

Кийин ал 1979-жылы туулган үй-жайы жок А.Р. экени аныкталган жана Тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий