• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сары-Жазда жоголгон күзөтчү 10-июлдан бери изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. 1982-жылы туулган биздин балабыз Таалай Мамбетовдун жоголгонуна бир жумадан ашты. Ал кайтаруу агенттиктеринин биринде күзөтчү болуп иштеп, Сары-Жаз өрөөнүндөгү “Алмаз-Тоо кендери” кытай компаниясынын обьектерин кайтарчу”,-деп билдирди “Кабар” маалымат агенттигине Таалай Мамбетовдун атасы. Таалай Ысык-Көл облусундагы Сары Жаз өрөөнүндөгү чатырда үй-бүлөсү менен жашачу. Анын айтымында 10-июлда болжолу менен 23:30дар чамасында Таалайга «Сардоникс» кытай компаниясынын төрт өкүлү, жол көрсөтүп коюусун өтүнүп жардам сурап кайрылышкан. Таалайдын жубайынын билдиришинче ал алгач “Москвич” үлгүсүндөгү унаасында май жок болгонуна байланыштуу макул болгон эмес. Бирок кытайлардын арасындагы өңү башы словян улутуна окшогон жаран анын унаасына бензин кюп берип, Таалай аларды жеткирип кеткен. Ошол бойдон андан кабар жок. “Биз Таалайдын үйгө кайтып келбегенин уккан соң аны издөө иштерин баштадык. Тоо суусу аркылуу өтүүчү жерге чейин келдик, андан ары эч кандай ииз таба алган жокпуз”, - дейт атасы.

Андан кийин кытай компаниясын издеп таптык, алар “түнүндө алдыда кетип бараткан Таалайдын “Москвич” унаасы сууга кирип кетип, көрүнбөй калганын, издөөдөн майнап чыкпай кайтып келе беришкенин айтып беришти.

Чындыгында эле суудан “Москвич” табылган, бирок Таалайдын денеси анда жок болуп, машинанын эшиктери бекем жабылган бойдон калган.

“Менде унаанын эшиги жабылган бойдон сууга түртүп жиберишкендей ой калды”, -дейт К. Мамбетов. Ошондон бери Таалайдын-өзүн же анын денесин таба албай жатышат. ИИМдин облустук башкармалыгынын жана ӨКМдин куткаруучулары жеринде издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Анткен менен бир дагы кабар жок. Укук коргоо кызматкерлери кытайлардын төрт жаранын сурака алууну көздөгөн, бирок алар азырынча табыла элек.

“Балким, алар жашынып калышкандыр, бирок биз алардын төртүнчүсүнүн атын билебиз. Ал «Сардоникс» кытай компаниясында иштейт. Аталган фирманын директору Э.Муратов деген киши”,-деп билдирди К Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий