• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Ала-Тоо" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү "Ала-Тоо" кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 06:15те тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1 миң 541 чарчы метрди түзгөн.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий